Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

 

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, сунушталган долбоордо 2020-2022-жылдарга бюджеттик тутумдун киреше базасын түзүү 2020-2022-жылдарда өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун, бир катар жылдардагы иш жүзүндөгү түшүүлөрдүн, 2019-жылкы кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун базасында жүргүзүлгөн.

 

Ошентип, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2019-жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 7,8 пайызга же 13 мдрд 248 млн сомго көбөйөт.

 

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 млрд 948 млн сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери 164 млрд 916 млн сомду жана 169 млрд 243 млн сомду түзөт.

 

2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деңгээлинде белгиленген, (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 млрд 750 млн сомго көп. 2021-2022-жылдарда республикалык бюджеттин чыгымдары 173 млрд 498 млн сомду жана тийиштүү түрдө 174 млрд 967 млн сомду түзөт.

 

Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган. Ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо каралган. Тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо каралган.

 

Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери эл аралык каржы донорлорунан канча гранттык жана насыялык каражат алганына жана каражаттын оодук бөлүгү кайсы тармактарга көбүрөөк жумшалганына кызыкты.

 

Экономика министри Санжар Мукамбетов Кыргызстан 1991-жылдан бери 2,8 млрд доллар гранттык каражат жана 7,3 млрд доллар жеңилдетилген насыя алганын айтты. “Өлкөнүн энергетика тармагына 2 млрд 147 млн доллар алынган. Негизги көйгөй тариф маселесине барып такалууда. Азыр аны тактоо боюнча ар кандай сунуштар түшүп жатат. Биз оптималдуу вариантын тандап алышыбыз керек”, - деди ал.

 

Депутат Кыргызстандын 124 млрд сом насыя алганын, анын ичинде энергетика тармагына эле 104 млрд сом жумшалганын эске салып, азыркыга чейин бул маселе боюнча так көзкараш жок экенин белгиледи. “Жарандарыбыз электр энергиясы үчүн 2,16 жана 77 тыйындан төлөп келет. Киреше алуу үчүн бирдиктүү тартифке өтүшүбүз керек”, - деп кошумчалады Сайдулла Нышанов.