Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом каражат түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

 

Соцфонддун маалыматына караганда, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 млрд 902 млн 495 миӊ сом көп жыйналган. «Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 млн 860 миӊ сом өлчөмүндө болду», - деди ал.

 

Ошондой эле, Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде:

 

- Пенсиялык фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом;

- Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы - 288 млн 839 миӊ сом;

- Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы – 1 млрд 596 млн 344 миӊ сом.

 

Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду. Андан тышкары, Салык кызматы менен биргелешкен аракеттин найтыжасында өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар 2 млрд 11 млн сомго чейин кыскартылган.

 

Депутаттар жылдан-жылга Соцфонддун бюджетинин чыгаша өсүп, пенсионерлердин саны көбөйүп баратканын, ал эми анын киреше булактары азайып жатканын эске салып, каражаттын тартыштыгын жабуу жаатында кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыгышты.

 

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, пенсионерлердин санынын өсүшүнө бир нече фактор таасир эте турганын белгиледи. «Баарыдан мурда көмүскө экономиканын көрүнөө чыгаруу аракетин жасап жатабыз. Өзгөчө чакан бизнес чөйрөсүндө мындай көйгөйлөр көп. Ошондон улам, республикалык бюджетке күч келип калууда. Эгерде ишкердик чөйрөсүндөгү көмүскө экономиканын азайта алсак, кошумча каражат булактары пайда болору бышык», - деди ал.

 

«Айрым ишкерлер жумушчуларынын маянасын социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жашырып келет. Мисалы, жумушчунун эмгек акысын 5 миң сом деп көрсөтүп, калган 20 миң сомун конверт менен беришет. Арасында камсыздандыруу төгүмдөрүн таптакыр эле төлөбөгөндөр да бар. Биз мунун баарын тартипке салып, андай жосундардан арылышыбыз керек. Ошондо социалдык теңчилик орнойт», - деп кошумчалады Медер Ирсалиев.