Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы  бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 11 миллион 929 миң 681 сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Финпол тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 807 миллион 418 миң 287 сом которулду.