Каржы министрлиги тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын тышкы карызы бир топ азайды.
Андагы сандарга таянсак, 2019-жылдын жети айында өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 453,99 миллион долларга (310 миллиард 667,54 миллион сом) жетти. Анын 3 миллиард 767, 49 миллион доллары тышкы, ал эми 686,50 миң доллары ички карызга кирет. Жалпысынан 2019-жылы мамлекеттик карыз 28 миллион долларга жакын суммага азайган. Жылдын сегиз айында мамлекеттик карызды тейлөөгө 16,2 миллиард сом жумшалып, анын 8 миллиард сому тышкы карызга төлөнгөн. Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытай Экспорттук-импорттук банкынан алынганын белгилей кетели. 4 миллиарддын жанында 28 миллион тамчыга тең келери бышык, ошентсе да карыз алууну гана эмес, төлөөнү да биле турганыбыз эми белгилүү болгонсуду.
Булак: “Майдан. kg” гезити