Кыргызстан менен АКШнын ортосунда өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча биргелешкен иш аракеттерди көрүү үчүн маанилүү келишимге жетишишти. 

 

Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Бишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү кыргыз-америкалык эки тараптуу кеңешме тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Джонатан Хениктин төрагалыгынын алдында төртүнчү жолу болуп өттү. 

 

Кеңешменин жүрүшүндө, америкалык тарапка ар түрдүү категориядагы узак убакыттагы виза ачуу боюнча келишим түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү сунушталды. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына АКШнын иммиграциялык эмес виза алуу жолдорун оңойлоштуруунун зарылчылдыгы да айтылды. 

 

Ошондой эле, аталган министрлик "мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча биргелешкен иш аракеттерди улантуу боюнча маанилүү макулдашууга жетишишкенин" белгилешти.

 

Эске салсак, АКШнын Юстиция министрлиги Кыргызстанга мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев тарабынан чыгарылып кеткен 4,5 миллион долларды кайтаруу боюнча билдирүү тараткан. Активдерди кайтаруу боюнча арызга каржы министри Бактыгүл Жээнбекова жана АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс кол койгон. 

 

Компенсациялана турган 6 миллион доллардын 4,5 миллиону Америкадан табылган. Калганы дагы изделиши керек.