Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия көтөрүлөт. Социалдык фонд өкмөттүн пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүнүн  индексациясы боюнча токтомун коомдук талкууга койду. 

 

Базалык бөлүктүн көбөйтүлүшү ушул жылы 4 миң 393 сом пенсия алган пенсионерлерге таандык. Соцфонддун маалыматына караганда, бул суммадагы пенсияны өлкөдө 246 миң (38 пайыз) жарандар алышат. Базалык бөлүктү 100 сомго көбөйтүү сунушталды. 

 

Камсыздандыруу бөлүк 4 миң 283 сом пенсия алгандар үчүн 200 сомдон кем эмес суммага жогорулатылат. Же, өлчөмү бул суммадан жогору болсо, 320 сомго. 

 

Жыйынтыгында, базалык жана камсыздандыруу бөлүк индексациясына ылайык, жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 820 сомду түзөт. 

 

Соцфонддун алдын ала алынган маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 667, 3 миң кишиге жетет.