Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы салыштырмалуу 17%га өскөн. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, өсүш металл кендерин казып алуу өндүрүшүнүнүн 38,2%, Кумтөр кенинде 1,6 эсе, көмүр 19,8%, чийки мунай менен жаратылыш газы 15,5%, текстиль өндүрүшү 8,3%, курулуш материалдарынын көлөмү 3,5%га жогорулаганынан келип чыккан. Аны менен катар цемент өндүрүшү да 9,9%га өскөн.
Жаргылбек Сагынбаевдин айтымында, бардык тармактар боюнча өсүү жыл өткөн сайын жогорулоодо. Мисалы, ушул жылдын январь-май айында өнөр жай субъекттери 104 млрд. 29,1 млн. сомго продукция өндүргөн, бул 117%га тете.