Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июнда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды.

 

Акылбек Султанов 2019-жылдын январь–май айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

 

Статкомитеттин маалыматтарына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 пайызга жогорулады. ИДПнын өсүшү өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулаган. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өсүшү белгиленди.

 

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Улуттук статистика комитети башка органдар менен биргеликте жаңылып калуу коркунучтарын төмөндөтүү, маалыматты жыйноо жана иштетүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу жана ошондой эле респонденттердин жумушун азайтууга жол берген отчеттуулукту жыйноо жана маалыматтарды жайылтуунун электрондук форматына өтүшү керек.

 

Буга байланыштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте отчеттуулукту берүү боюнча ишкерликке жүктү азайтуу максатында отчеттуулуктун санын жана түзүлүшүн оптимизациялоо үчүн «Түндүк» системасынын алкагында тиешелүү маалымат алмашууну камсыздоо тапшырылды.

 

Мамлекет башчысы Улуттук статистика комитети региондор боюнча статистикалык маалыматтардын, алардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтардын толуктугун жана актуалдуулугун камсыз кылып, жумуштун аналитикалык жагын күчөтүү керектигин баса белгиледи. Чарбалык китептердеги жана «Санарип аймак» платформасындагы маалыматтардын толуктугун жана сапатын камсыздоо ишине активдүү катышуу тапшырылды.

 

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков статистикалык маалыматтардын тактыгын камсыздоо, өлкөнүн бардык жашоо тармактарында, өзгөчө тышкы соода жүгүртүү боюнча статистикалык айырмачылыктардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына көңүл бурду.