"Инвесторлордун укугун коргоо өлкөнүн экономикалык саясатынын негизи болуп саналат. Бирок, банк аркылуу акча которгон жарандардын банктык купуя сырлары ачыкка чыгып кетип жаткандыктан, азыр инвесторлор чочулап турат. Мындай абал экономиканын өнүгүшү терс таасирин тийгизүүдө. Минитип отурсак бизге кайсы инвесторлор келет?", - деди  депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында.

 

Айтымында,  Өкмөт бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек.

 

«Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, инвестиция тартуусуз экономиканын өнүгүшү кыйын. Ушу тапта банк иштеринин купуялуугу боюнча мыйзам жоболору сакталбай, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн кайсы адам кайсыл банктан канча акча которгону тууралуу купуя сырлар ачыкка чыгып кетүүдө. Ошондон улам, ички инвесторлор да, тышкы инвесторлор да чочулап турат. Мында абал жакшылыктын жышааны эмес», -деп кошумчалады ал.