Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 5 айында республикалык бюджетке 9 млрд 166,1 млн сом суммасында кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды. Анын ичинен импортко КНС 6 млрд 536,4 млн сом, импортко акциз 2 млрд 529,8 млн сом.
 

Бул тууралуу  19-июнда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек автожолу” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунун иши менен таанышуу максатындагы журналисттер менен болгон пресс-турдун жүрүшүндө МСКнын салыктарды мониторингдөө, каттоо жана издөө башкармалыгынын начальниги Чынара Мамырбаева билдирди.
 

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып 10-июнуна чейинки мезгилде транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары аркылуу авто транспорт каражаты менен киргизилген товарлар боюнча 45 миң 384 коштоочу документтер толтурулган.
 

Аймактык салык органдары тарабынан коштомо кагаздардын реестрлери боюнча маалыматтарды тескеп-башкаруунун жүрүшүндө жалпы республика боюнча 111 субъект боюнча 71,6 млн сом суммасында импортко КНС кошумча эсептелген, анын ичинен бюджетке 11,1 млн сом өндүрүлгөн.
 

24 субъектке карата импортко КНСтин кошумча эсептелген суммалары боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо жана чара көрүү үчүн КРӨгө караштуу ЭККМКга жиберилген.
 

Аймактык салык органдары тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келген 922 субъект боюнча, атап айтканда жеке жактар тарабынан авто каражаттарын алып кирүү боюнча издөө иш чаралары, анын ичинде пландан тышкаркы документтик текшерүүлөр, салыктарды жана башка төлөмдөрдү кошумча эсептөө, материалдарды укук коргоо органдарына берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
 

2019-жылдын 5 айынын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин аймагынан эл керектөөчү ар кандай категориядагы товарларды импорттогон ишкердик субъекттер тарабынан салык мыйзамдарын бузуунун 9 фактысы боюнча, анын ичинде пиломатериалдарды, күйүүчү майларды, тамеки буюмдарын, башка эл керектөөчү товарларды ташып келүү фактылары боюнча 65 млн.сом суммасында салыктар бюджетке кошумча эсептелген.
 

Бүгүнкү күндө товарлардын ар кандай түрлөрүн импорттоо менен алектенген башка ишкердик субъекттер боюнча аналитикалык иштер улантылууда.
 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын 4 контролдук-өткөрмө пункттарынын жанында транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары иштеп жатат. Атап айтканда Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожол") убактылуу пункттары.
 

Бардык убактылуу пункттарда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келинген жүктөр жөнүндө маалыматты онлайн режиминде аймактык салык органдарына жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү коштомо кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система иштөөдө.