2019-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен өлкөдө күйүүчү майга болгон баа өткөн жылга салыштырмалуу арзандаганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер Асссоциациясынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, жыл башынан бери күйүүчү май 2,5 сомго (5,8 %) арзандаган жана анын орточо наркы 1,5 сомго (3,3%) ылдыйлаган.

 

Бишкекте учурда АИ-80 38,4 сом, АИ-92 -39,4 сом, АИ-95 – 42,7 сом болду.