Анын ичинде чекене соода жүргүзүү көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу артып, өсүү темпи 101,6 пайызга жетти. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

 

Анын айтымында, соода жүргүзүү чөйрөсүн тартипке салуунун жана жеке ишкерлерге шарт түзүүнүн натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу быйыл чекене соода жүргүзүү көлөмү 7,1 миллион сомго көбөйдү.

 

-Өткөн жылдын январь айында шаар боюнча чекене соода жүргүзүү көлөмү 446,1 миллион сомду түзгөн болсо, быйылкы жылы январда анын көлөмү 453,1 миллион сомго жетти, демек, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 пайызга жогору. Буюрса, алдыдагы айларда соода көлөмү дагы да өсөт деген ойдобуз, анткени күндүн ысышы жана жаздын келиши менен соода тармагында активдүүлүк да өсөт, - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, шаарда жеке ишкерлерге шарт түзүү максатында “Строймаркет” ири соода борборунун чатырлары жабылып, соода менен алек болуучуларга кошумча орундуктар түзүлгөн.