Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы тарабынан быйылкы жылдын январь айында салык 2 миллион 30,7 миң сомго көп жыйналды жана берилген план-тапшырма 103,5 пайызга аткарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

 

Алынган маалымат караганда, январь айында салык башкармалыгы 57 миллион 536,1 миң сом салык жыйнашы керек эле. Иш жүзүндө 59 миллион 566,8 миң сом салык жыйналган. Анын ичинен республикалык бюджетке салык жыйноо көлөмү 27 миллион 809,7 миң сомго пландалса, иш жүзүндө 28 миллион 793,8 миң сом жыйналып, 984,1 миң сом көп болду же өсүү 103,5 пайызды түздү. Жергиликтүү бюджетке салык жыйноо көлөмүнүн планы 29 миллион 726,4 миң сом болсо, аткарылганы 30 миллион 773 миң сом болуп, 1 миллион 46,6 миң сом көп жыйналган, же өсүү 103,5 пайызды түздү.

 

Ошентсе да салыктын айрым түрлөрү боюнча план-тапшырмалар аткарылган эмес. Мисалы, киреше салыгын жыйноо 87,1 пайызга аткарылган. Себеби каржы министрлиги өз убагында каржылай албаган себептүү айрым бюджеттик мекемелер салыкты өз убагында чегере алышпаган.