Бирок, алар импортту азайтып, экспортту көбөйтүүнүн же атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн ордуна карыздын чегин кагаз менен азайтуунун амалын ойлоп табышты.
Анткени өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70%га чейин жогорулатууну сунуштоодо. 28-январда парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитети Бюджет кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайык, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 3% ашпоосу керек. Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын деңгээли 70% жогору болбоого тийиш.
Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 70% учурда оптималдуу көрсөткүч экенин айтты. Демилгечилердин пикиринде, лимитти жогорулатуу - бюджет мыйзамынын жакшырышына алып келип, аны эл аралык талаптарга жакындатат. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 477 млн долларды же ИДПга карата 58% түзгөн. Мамлекеттик карыздын 85,7% – тышкы карыз, 14,3% – ички карыз.
Кыргызстан бир эле Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 1,71 млрд доллар карыз. Мурда Кытайдын элчиси “карызды төлөп бериш керек...”,- деп гана кекеткен жооп кайтарган. Демек, улуу кошунабыз аласасын акча же жер менен гана талап кылышы айдан ачык болууда. Деги биздин “жакшылар” бул суроого баш катырышат бекен.
“Майдан. kg” гезити