Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболоруна ылайык, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 3% ашпоосу керек. Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын деңгээли 70% жогору болбоого тийиш.

 

Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 70% учурда оптималдуу көрсөткүч экенин айтты.

 

Демилгечилердин пикиринде, лимитти жогорулатуу – бюджет мыйзамынын жакшырышына алып келип, аны эл аралык талаптарга жакындатат.

 

Каржы министрлигинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы маалыматына караганда, өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 477 млн долларды же ИДПга карата 58% түзгөн. Мамлекеттик карыздын 85,7% – тышкы карыз, 14,3% – ички карыз.

 

Өлкө Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 1,71 млрд доллар бересе.