Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

 

Алынган маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-декабрь айларына капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 880 миллион 153 миң сомду түзүп,  мурдагы 2017-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102 пайызды түздү. Андагы жеке менчик мүлктүн эсебинен иштетилген капиталдык салымдар 644 миллион 858 миң сомду же жалпы көлөмдүн 73,3 пайызын түзгөн.

 

Ал эми мамлекеттик мүлктүн эсебинен жумшалган капиталдык салым235 миллион 294 миң сом болуп, ал жалпы көрсөткүчтүн26,7 пайызына барабар. Ошол эле кезде жеке курулуш мекемелердин эсебинен 2018-жыл ичинде жумшалган капиталдык салымдын көлөмү 635 миллион 501 миң сомго жетип, мурдагы 2017-жылга салыштырмалуу 104,6 пайызга өскөн.

 

Быйылкы жылы турак жай курууга болгон капиталдык салымдардын дагы да өсүшү күтүлөт. Анткени шаарда бир нече көп кабаттуу турак жайлардын курулушу башталган.