29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу», «КР 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды.

 

Жыйын «суроо-жооп» иретинде өтүп, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү жооп беришти. Депутат Бакирдин Субанбеков республикалык бюджетти максаттуу пайдалануу маселесин көтөрсө, эл өкүлү  Аида Касымалиева социалдык маселелерге токтолду. Депутат Зиядин Жамалдинов Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилген ссудаларга байланышкан маселени козгоп, фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү керек экенин кошумчалады. Ал эми депутат Дастан Бекешев резервдик фонд түзүүнү демилгелеп, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 10%ын өлкө экономикасын көтөрүүгө жана сырткы карызды төлөөгө жумшоо зарылдыгын белгиледи.  

 

Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун талкуулоонун жүрүшүндө Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев салыктык процедураларды фискалдаштырууну аягына чыгаруу керектигин айтты.

 

Депутаттар аймактарды өнүктүрүү, социалдык төлөмдөрдү жана пенсияны көтөрүү, билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо тармагына каржылоону көбөйтүү маселелерине токтолушту. Андан тышкары  мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугу, мамлекеттик башкарууну реформалоо жана бюджетке байланышкан мыйзам долбоорлорун аягына чейин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

 

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу», «КР 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору добушка коюлуп,  үч окууда жактыруу чечими кабыл алынды.