Бүгүн, 26-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Фракция жыйынында келерки жылдын бюджети боюнча КР Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.
Талкууда депутат Тынчтык Шайназаров Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, айыл чарбасын каржылык жактан колдоо иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү Кыргызстандын жаратылышына суктанган Өзбекстан жарандары көп экенин айтып, туризм тармагына дагы басым жасоо керектигин кошумчалады.
Депутат Зиядин Жамалдинов келерик жылдын бюджетинин долбоорунда 2019-жылы аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд. сом каражат бөлүнө тургандыгын, бул каражат өнүгүүгө багытталган долбоорлорго жумшаларын тактады.
Өлкөнүн бюджетин толтуруу булактары боюнча депутат АбылкайырУзакбаев катталбаган жер тилкелери дагы чыгарын айтып, жалпы республика аймагындагы жерлерди инвентаризациялоону сунуш кылды. Ошондой эле депутат туризм тармагын өнүктүрүү менен бюджетти толтурууга өбөлгө түзүлөрүнө токтолуп: “Анын бир мисалы катары Ысык-Көл облусунун генералдык планын бүткөрүүгө каражат бөлүү керек”,- дейт.
Келерки жылдын бюджетинин долбоорунда Бажы кызматынын кызматкерлеринин эмгек маяналарын жогорулатууга 500 млн сом акча каралып жаткандыгына депутат Алтынбек Жунус уулу нааразы болду. Каржы министри Адылбек Касымалиев жана Бажы кызматынын төрагасы мындай кадам бажы төлөмдөрүн көбүрөөк жыйноого түрткү берерин айтып, муну коррупцияга каршы чара катары кабыл алуу керек деген таризде жооп беришти.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев 2019-жылдын бюджет долбоорундагы дем берүүчү грант, айыл чарбасын каржылоо, санариптик экономика, чек араны башкаруу, “Коопсуз шаар” долбоору жана башка беренелер менен бөлүнүп жаткан каражаттарды ким башкарып, кайсы орган тарабынан жүзөгө ашырылаарын тактап чыкты.
Бакыт Төрөбаев “Коопсуз шаар” долбоорун Кыргызстандын эле дасыккан IT-адистери ишке ашыра аларын айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Жаңы иштеп баштаган Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык, “Мамлекеттик бюджеттик резерв” атуу берене менен белгилүү өлчөмдөгү каражат жыл ичиндеги ар кандай табыгый кырсыктарга максатталып калтырылгандыгы белгилүү болду.
Жыйынтыгында фракция депутаттары тарабынан айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.