Бүгүн, 23-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

 

КР Каржы министри Адылбек Касымалиев 2019-2021-жылдарга карата негизги макроэкономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнө токтолду. Ал комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, 2018-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 140 млрд, чыгаша бөлүгү 161 млрд, ал эми бюджет таңсыктыгы 20 млрд сомду түзгөн болсо, 2019-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү мурдагыдай калып, киреше бөлүгү 151 млрд, бюджет таңсыктыгы 10 млрд сом деп болжолдонуп жаткандыгын белгиледи.

 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Нурбек Алимбеков бажы кызматынын кызматкерлеринин эмгек маяналарын жогорулатуунун зарылчылыгы жоктугун айтып чыкты. Анын пикиринде, бул максатка каралган 500 млн сомду мугалимдердин айлыктарын көтөрүүгө жумшоо керек.

 

Депутат Улукбек Ормонов болсо бюджетке менчиктештирилген обьектилерден түшүүчү каражаттарга кызыкты. Буга мамлекеттик менчиктин менчиктештирүү жөнүндө программага ылайык, 360 млн сом акча каражаты бюджетке түшөрү күтүлүп жаткандыгы айтылды. Өткөн жылы менчиктештирүүдөн 177,6 млн сом түшкөн.

 

Депутат Бактыбек Сыдыков региондорду дотациядан чыгаруу маселелери боюнча иштерди күчөтүп, жергиликтүү бюджетке кыйыр салыктарды калтырууну сунуштады. Каржы министри Адылбек Касымалиев келерки жылдын бюджетинин долбоорунда региондорду өнүктүрүүгө 2 млрд сом каралып жаткандыгын маалымдады.

 

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.