Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бюджеттик мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү, аны эл аралык стандарттарга жакындатуу жана мамлекеттин каржылык башкаруу чөйрөсүндөгү заманбап жаңычылдыктарга адаптациялоо максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул долбоор менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгын жана мамлекеттик карыздын чоңдугун так чектөөнү белгилөө үчүн багытталган. “Бюджеттик жыл үчүн мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгы ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпашы керек, ал эми мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 70 пайызынан ашпашы керек”, - деди ал.
Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын чеги Евразия экономикалык союз жөнүндөгү келишимге ылайык ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпаган деңгээлде белгиленген. Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттик карыздын босого деңгээлин ички дүң өнүмгө карата 70 пайыз деӊгээлинде белгилөө демилгеси сунушталууда.
Орто мөөнөттүү мезгилге эсептөөлөр жүргүзүлгөн, аларга ылайык мамлекеттик карыздын болжолдуу деңгээли ички дүң продуктуга карата 60-63 пайыз диапазондо белгиленген. Булар бюджеттик параметрлерди сактоодо ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын күтүлгөн болжолдуу деңгээли жөнүндө маалымдайт. Бул эсептөө оптималдуу сценарийдин негизинде жана мүмкүн болгон курстук айырманы эсепке албастан жүргүзүлгөн.
Мыйзамдын күчүнө кирүү датасы катары 2020-жылдын 1-январын белгилөө сунушталат. 2020-жылга чейин өтмө мезгил каралат. Бул мезгилдин ичинде киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү толук ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүү болжолдонууда.
Талкуу жүрүшүндө мамлекеттик карыздын босогосун чектөө чарасына анчалык ынана бербеген депутат Таабалды Тиллаев “Силерге мамкарыздын босгосун чектөөнүн эмне зарылчылыгы бар? Эртеӊ доллардын куну 100 сомго чыгып кетсе эмне кыласыӊар?” деген собол салды. Ал 2040-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууга канча каражат жумшала турганына кызыкты.
Каржы министринин айтымында, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү кыйла өсөт. Ал эми Өкмөт эл аралык каржы уюмдарынан инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында жеӊилдетилген шартта карыз алып турат, бирок сунушталып жаткан чектин алкагында гана. “Эгерде форс-мажордук абал түзүлүп калса, Өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт, анын механизмдери каралган”, - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев..