Социалдык фонддун чыгашасы пенсиянын жогорулашына байланыштуу 2018-жылдын 1-октябрынан баштап 667 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Соцфонддун 2019-2020-жылдарга карата бюджетинин божомолу боюнча мыйзам долбоорунда айтылууда.
Мыйзам долбоорунда, аталган мекеменин чыгашасы жыл жыйынтыгы боюнча 50 миллиард 427 миллион 12, 1 миң сомду түзөөрү көрсөтүлгөн. Бул башынан пландалган чыгашага салыштырмалуу 576 миллион 976,8 миң сомго көп. Аны менен катар пенсияга төлөм чыгашасы 42 миллиард 134 миллион 813, 7 миң сомду түзөт.
Андан тышкары, Соцфонд ушул жылдын 1-октябрынан тартып өзүнө караштуу аймактык мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууну сунуштоодо. Буга дагы 19 миллион 812, 7 миң сом кошумча каражат керектелет.