Казакстандын Статистика комитети 2017-жылы өлкөгө кирген жана өлкөдөн чыккан туристтердин саны боюнча маалыматтарды жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, казакстандык туристтер үчүн былтыр эң популярдуу өлкө Орусия болуп, ал жакка 4,6 миллион киши барган. Кыргызстанга 2,7 миллион, Өзбекстанга 1,7 миллион казакстандык турист кирген.

 

Мындан тышкары Казакстанга барган туристтердин саны боюнча дагы Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулган.

2017-жылы Казакстанга 7,7 миллион турист кирсе, алардын 3,3 миллионун өзбекстандык, 1,7 миллионун орусиялык жана 1,2 миллионун кыргызстандык туристтер түзүшкөн.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”