«Кумтөр» ишканасы Кыргызстанда сууну бекер колдонуп келет. Бул компания бир жылда эле 5 миллиард метр кубдан ашык суу пайдаланарын эске алганда, жылына бюджетке 14 миллиард сом төлөнүшү керек. Бирок 2009-жылы түзүлгөн келишимди бетке кармап, бул каражатты төлөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу парламенттеги тармактык комитетдин жыйынында Суу кодекси жана «Суу жөнүндө» мыйзамдары талкууланып жатканда айтылды. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бул мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Кыргызстанда суу товар катары каралганы менен аны кимдер төлөш керек жана ким төлөмдөн бошотулары так жазылган эмес.

 

Булак: ”Азия Ньюс”