Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Боао шаарында өтүп жаткан «Бир куур – бир жол» форумунун 9 апрелдеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КСДП партиясынан билдиришти.
Анда тараптар курулуш, энергетика, транспорт, логистика, өндүрүш, каржы тармагында пикир алмашышты.
Атамбаев өз сөзүндө «Бир куур – бир жол» долбоору Азия менен Европанын соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү демилге экенин белгилеп өттү. Ал Кыргызстандын географиялык жактан ыңгайлуу аймакта жайгашканын эске салып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан авто жана темир жол долбоорлорун ишке ашыруу зарылдыгын дагы бир ирет белгилди.
Эскерте кетсек, Боаостогу Азия форуму 2002-жылдан бери жыл сайын аталган шаарда өтүп келет. Бул жылдагы форум «Бир куур – бир жол» долбоору темасында өтүп, 11-апрелге чейин созулат. 10-апрелдеги жыйынга 7 өлкөнүн Тышкы иштер министрлери менен Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин катышуусу күтүлүүдө.