Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргыз-Россия-Славян университетинин медицина факультетине студенттерди кошуу үчүн пара алганын тергөө аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш ишин иликтөө иштери соңуна чыгып, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Анда айтылгандай, тергөөчүлөр экс-депутаттар өлкөдөн чыкпоо боюнча тил кат алышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Осмоналиев КРСУнун медфагына өткөрүүгө абитуриенттерден акча алганы аныкталган.
Экс-депутатка КР Кылмыш жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Пара талап кылуу” беренелери боюнча айып тагылды. Эске салсак, буга байланыштуу кылмыш иши 2014-жылы козголгон.
Билим берүү министрлигинин мурдагы жетекчиси Канат Садыков жана КРСУнун ректору да шектелген. Шектүүлөрдүн арасында экс-депутат Каныбек Осмоналиев да бар болчу.