Баса, бул борбордун ачылуусу аркасында дыйканчылык жана  багбанчылык менен алектенген  жергиликтүү калкка заманбап шарт жаратылды. Жыл сайын Кадамжай районунда  22 миң 500 тоннадан ашуун мөмө-жемиштер өндүрүлөт. Эми  дыйкандар, багбандар ар жылдын тээ апрель, май айларына дейре бул борбордо продукцияларын сактаса болот.  

 

Логистикалык борбордун ачылышына катышышкан Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана айыл чарба, мелиорация министри Нурбек Мурашев айыл чарба тармагына багытталган ишканаларды курууну, ачууну каалаган жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар жана ар тараптуу колдоолор болоорун баса белгилешти.   

 

Айтмакчы, аталган борбордун жалпы сметалык наркы 9 миллион сомду түздү. 500 тоннага эсептелген бул ишкана ЮСАИДдин каржылык  колдоосу аркасында жүзөгө ашырылды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.