Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын январынан баштап сентябрына чейинки убакытта 52 млрд 37 млн сом салык чогулткан. Бул белгиленген план 100 пайызга аткарылганын билдирет.
Быйыл 2016-жылга салыштырмалуу 9,1% салык көп чогулган.
Мамлекеттик салык кызматынын билдиргенине караганда, негизинен жер казынасын пайдалануу, кыймылсыз мүлк, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн салыктар убагында төлөнгөн. Алардан тышкары «Кумтөрдүн» жана башка алтын иштеткен компаниялардын кирешелерине, ЕАЭБден импорттоого салыктар жүз пайыздык көрсөткүчтөн жогору өлчөмдө чогултулган.
Ошондой эле 2017-жылдын тогуз айында 2 млрд 843,7 млн сомго жеткен салык төлөнбөгөн.