Статистика комитети дегенде “итерип коём” деген кеп эске түшөт. Имне кылса да алардын айтканын элге жарыя этели дедик. Андерсен деген жомокчудан өтүп кетишиптир.

 

Маселен, 2017-жылдын 9 айында Кыргыз өлкөсүнүн Ички дүң продукциясы 334 миллиард 983,9 миллион сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Байысбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2016-жылдын 9 айына караганда 5 пайызга өстү дегендикке жатып атыптыр.

 

Жомоктон жобурап келип, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда өлкөбүздүн ички дүң продукциясы 302 миллиард 200 миллион сомду түзүп, өсүү 3,6 пайыз болду. Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң продукциясынын эң чоң үлүшүн кызмат көрсөтүү чөйрөсү түздү - 49 пайыз. Ал эми өнөр жай чөйрөсү - 19 пайыз, айыл чарба чөйрөсү - 15 пайыз жана курулуш - 7 пайызды түздү”, - дейт Байысбек Касымбеков.

 

“Бул көрсөткүч былтыркы эсепке караганда 20,7 пайызга өскөн. Өнөр жай көлөмүнүн жогорулашы металл кендерин казуу (4,4 эсеге), тазартылган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн (1,4 эсеге) негизги металлдарды чыгаруунун (18,6 пайызга), башка металл эмес минералдык өндүрүүнүн (15,8 пайызга), ошондой эле электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоонун (12,3 пайызга) өсүшү менен орун алды”,- деген кошумчасы бар. Бирок ошол эле маалда статком мынча балага жөлөкпул, тигинче майыпка колдоо каражат мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн деген аныктаманы соцфондго шылтап коюп олтурушат. Өсүш бизде кагаз жүзүндө гана болуп жатканын бул ишкана билеби деги?

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити