Бүгүн Бишкекте      “Liglass Trading” компаниясынын директору Михаил Смелик маалымат жыйынын өткөрдү. Анда, компания азырынча Кыргызстан талап кылган 37  миллион долларды  качан котороорун билбей турганын билдирди.

 

“Биз азырынча бир нерсени алдын ала айткыбыз келбей турат. Кыргыз өкмөтү менен талкуулана турган суроолорго жооп берүү туура эмес. Долбоор тоңдурулган жок, улантылып атат. Сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзөбүз. Эгер бирдеме десек эле, Эдил Байсалов дароо жазып жиберет”, - деди Смелик.

 

Эске салсак, аталган компаниянын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн россиялык компанияга 37 миллион доллар төлөө милдети 19-сентябрга чейин аткарылышы керек.