Улуттук банк Германия аманат кассасы фондусу менен биргеликте 2017-жылдын 28-мартынан 30-мартына чейинки аралыкта орто мектептердин мугалимдерин финансылык сабаттуулук негиздерине окутуу тренингинин экинчи баскычын ишке ашырды. Тренингдер Токмок шаарындагы А.С. Пушкин атындагы № 1 мектеп-гимназиясынын жана Кара-Балта шаарындагы № 6  мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлдү.

 

2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейин республиканын бардык региондорунда өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында  каралган бул иш-чарага Чүй областынан 88 мугалим катышкан.    

                                                                                                

2016-жылдын июнь айында финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди даярдоо программасынан өткөн орто мектептердин 17 мугалими тренер катары иш алып барган. Алардын ичинен сегизи Эпштайн шаарында (Германия) Аманат кассасы фондусу академиясынан кошумча даярдыктан өтүшкөн.

 

Тренингдердин алгачкы эки баскычы Бишкек шаарында күзгү жана жаңы жыл алдындагы эс алуу учурунда өткөрүлүп, андан 180 мугалим билим деңгээлин жогорулатууга жетишкен.   

 

Маалымат үчүн:

 

Германия аманат кассасы фондусунун “Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесиптик окутуу” долбоорунун алкагында жаңы иш багыты – калктын, атап айтканда мектеп жашындагы балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы ишке ашырылып жатат. Долбоор Улуттук банктын бул багыттагы алгачкы долбоору болуп саналат жана Германия аманат кассасы фондусу менен Улуттук банк ортосунда узак мөөнөттүү кызматташуу меморандумунун алкагында 2015-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоор жаш адистерди банк иши жагында окутуу максатын көздөйт.