Кыргызстанда бир катар акысыз медициналык кызматтар бар, бирок аларды жарандардын баары эле биле бербейт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЭлТРге берген маегинде билдирди. 

Ал учурда көп тастыктамалар жана маалыматтар "Түндүк" тиркемесине чогултулганын белгиледи. 

"Жаран кайсы бир жумушка орношордо андан ар кандай тастыктамалар талап кылынат. Ал үчүн бир мекемеден экинчи мекемеге барууга туура келет. Азыр анын баарын санариптештирилип, жаран бир нече сааттын ичинде баарын "Түндүктөн" ала алат. Ошондой эле өлкөдө бир катар медициналык кызматтар жарандарга акысыз берилет. Бирок аны көбү билбейт, чынын айтсам мен да билчү эмесмин. Бүгүнкү күндө медициналык кызматтардын кайсынысы акылуу, кайсынысы акысыз экендиги боюнча "Түндүктөн" маалымат алууга болот. Бул жарандарга өз укуктарын коргоого жардам берет", - деди. 

Андан сырткары Касымалиев майыптыгы бар жарандар жыл сайын комиссиядан өтүүдөн бошотулганын, комиссиядан өткөрүү мөөнөтү узартылганын билдирди. 

"Орой айтканда, бир колунан ажыраган жаранга кайсы бир убакыттын ичинде жаңы кол өсүп чыкпайт да. Аларды жыл сайын майыптуулугун тастыктоо үчүн комиссиядан өткөрүүнүн кандай кажети бар? Биз ушул маселени алып чыгып, жойдук", - деди төрага.