
"Жол фонду жөнүндө" мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши электр унааларга өтүүгө түрткү болот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине экономист Искендер Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекет өткөн жылдардагы эсептер боюнча 1,2 млрд доллар бензинге эле төлөп берет.
“Биринчиден эгер калк электр унааларга өтсө абаны булгаган түтүн 80 пайызга азаят. Экинчиден, күйүүчү майга кеткен миллиарддаган доллар Кыргызстанда калат. Электр унаалардын баасы дагы бүгүнкү күндө калкка жеткиликтүү болуп калды. Ар ким шартына жараша 8-9 миң доллардан, кааласа 100 миң долларга чейин сатып алууга болот. Мында электр унаа ээлери күйүүчү майдан алынган 1 сомду да төлөбөй калат”,- дейт Шаршеев.
Экономист кошумчалагандай, президент өзү маалымдагандай, мурда бюджетке түшкөн каражат анча көп мес болчу. Өлкөгө 1,5-2 млн тонна бензинге чейин керек, эми ушул күйүүчү майдан 1 сомдон жыйналары белгилүү. Аны 1 сомго көбөйткөндө бир жылдык жыйноолорду эсептөөгө болот.
Булак: Кабар