Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (орусчасы ЭТТН) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек деген пикирин билдирди. Шыкмаматов бул тууралуу  ал бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал Кыргызстанда сатылып жаткан товардын саны 23 миңдей экенин белгилеп, анын баарына ЭТТК алууга мүмкүн эмес деген жүйө келтирди:

"Ошондуктан, мен беш гана товарга: мунайзаттарга, спирт жана тамекиге, дары-дармек жана медициналык жабдууларга гана киргизилиши керек деп эсептейм. Булар бюджет түзүүчү товарлар", - деген Шыкмаматов бул жеке пикири экенин, ЭТТК саясатын Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзүп жатканын белгиледи.