Социалдык фонддон билдиришкендей, пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 208 232 адам (4 369,2 млн сом) болду.

Анын ичинен: 

- Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө – 185 055 адам (2 410,8 млн. сом);
- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө – 4070 адам (207,9 млн. сом);
- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө – 10 878 адам (292,9 млн. сом);
- Аскер кызматкерлерине төлөө – 914 адам (9,1 млн.сом);
- Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 368 адам (77,6 млн.сом);
- Ипотекалык кредит алгандарга – 5 947 адам (1236,1 млн.сом);
- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) – 119 адам (19,6 млн. сом);
- Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 144 адам (27,0 млн. сом);
- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө – 242 адам (4,3 млн.сом.);
- Оор оорулары бар адамдарга төлөө – 495 адам (83,9 млн. сом).