Кыргызстанда 2024-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 4 446,11 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү ошону менен катар мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сомду түзүүдө. Декабрь айынын башына карата бул долбоордун алкагында республиканын 11 152 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 446,11 млн. сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди.
- «Мал чарбачылык» тармагында 3972,27 млн.сом 9726 субъектке жеңилдетилген кредит катары берилди.
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 473,84 млн. сом 1 426 субъектке берилди.