«Илбирстин тайманбастыгы менен кадам таштасак, 2030-жылга чейин өлкөбүз башкаларга үлгү гана болбостон, кыялдар ишке ашаарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп терең ишенем», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын аппараттык жыйынында.

МинКаб башчысы Дүйнөлүк банктын 2021-жылдын декабрынан 2024-жылдын октябрына чейинки мезгилдеги калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу боюнча «Кыргыз Республикасын тыңдайбыз» мониторингинин акыркы маалыматтары менен тааныштырды.

Бул мониторинг төмөнкүлөрдү билдирет:

  1. Үй чарбаларынын финансылык коопсуздугун жакшыртуу - өзүнүн финансылык туруктуулугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдын декабрындагы 34%дан 2024-жылдын сентябрында 74%га чейин өстү - бул айылдарда, шаарларда 33%дан 71%га чейин. Финансылык туруктуулугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү кыйла өстү. Маалыматтар калктын өзүнүн экономикалык коопсуздугуна ишеним деңгээлинин бир кыйла жогорулагандыгын далилдейт;
  2. Азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу - азык-түлүк коопсуздугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдагы 43%дан 2024-жылы 85%га чейин өстү - айылдарда, ал эми шаарларда 2024-жылы 37%дан 82%га секирик байкалды. Бул цифралар азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча абалдын жакшыргандыгы бүткүл дүйнөгө сезилип жаткандыгын айгинелейт. Ошентип, каржылык жактан коопсуз жана азык-түлүк коопсуздугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү эки эсеге өстү.
  3. Субъективдүү жакырчылыкты кыскартуу - өзүн кедей деп эсептеген үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдагы 29%дан 2024-жылы 16%га чейин - айылдарда, шаарларда - 30%дан 18%га чейин төмөндөгөн;
  4. Жашоодон канааттануу жогорулатуу – өз жашоосуна канааттанган үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдагы 54%дан 2024-жылы 74%га чейин өстү. Бул олуттуу прогресс жана жыргалчылыктын жалпы децгээлинин өсүшүнүн ачык-айкын көрсөткүчү болуп саналат;
  5. Экономикалык шарттарды кабыл алуунун жакшырышы – өлкөнүн туура багытта бара жатканына ишеним деңгээли да бир кыйла жогорулады. Айыл тургундарынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдагы 71%дан 2024-жылы 89%га, шаар тургундарынын арасында 56%дан 86%га чейин өстү;
  6. Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугуна ишенген жарандардын пайызы таасирдүү өсүштү көрсөтүүдө. Шаар калкынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрындагы 60%дан 2024-жылдын сентябрында 88%га чейин, ал эми айыл тургундарынын арасында 83%дан 89%га чейин өстү;
  7. Жарандар менен диалог - мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, канааттанган адамдардын үлүшү 2021-жылдагы 61%дан 2024-жылы 79%га чейин өстү - бул айылдык үй чарбаларынын пикири, ал эми шаар тургундарынын канааттануусу 46%дан 74%га чейин өстү.

Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткирүү керектигин эске салды. Бул үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл.