«Илбирстин тайманбастыгы менен кадам таштасак, 2030-жылга чейин өлкөбүз башкаларга үлгү гана болбостон, кыялдар ишке ашаарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп терең ишенем», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын аппараттык жыйынында.
МинКаб башчысы 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Республикалык бюджетке тиешелүү маанилүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алууга 90 депутаттын 85и «макул» деп добуш бергенин, бул көрсөтүлгөн ишке болгон ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгиледи.
«Министрлер Кабинетинин аткарылган иштер боюнча жыйындысына көптөгөн жылуу сөздөр жана оң пикирлер айтылды, бул биздин биргелешкен ишибизке бекем колдоо жана урматтоодон кабар берет. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Иштин ыргагын түшүрбөшүбүз керек, алдыда бизди Элдик Курултай жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин отчеттук жыйыны күтүүдө», - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүү индикаторлорунун катышы, көз карандысыз Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана 2019-2024-жылдар аралыгындагы жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча маалыматтарды камтыган комплекстүү талдоо менен тааныштырды.
Талдоо натыйжалары төмөнкү негизги тенденцияларды көрсөтөт:
- экономикалык өсүш - 2021-жылдан бери өлкөнүн экономикасы тез жана туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. ИДПнын орточо өсүү темпи 9%ды түзөт, бул олуттуу жетишкендик;
- мамлекеттик саясаттын курсун коомдук колдоо – IRI изилдөөлөрү жарандардын мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө ишеним жана колдоо деңгээлинин жогорулагандыгын тастыктайт: 2021-жылы мамлекеттик колдоо 69% түздү; 2022-жылы – 76%; 2023-жылы 82% жеткен.
- жарандардын кайрылууларынын санынын азайышы – экономиканын өсүшүнүн жана калктын колдоосунун өсүшүнүн фонунда, жарандардын мамлекет башчысына жана Министрлер Кабинетине кайрылууларынын санынын азайышы белгиленген: 2021-жылы 22,5 миң жарандан кайрылуулар кабыл алынды; 2022-жылы – 19,9 миң кайрылуу; 2023-жылы – 18,7 миң; 2024-жылдын 10 айында кайрылуулар 16,7 миңди түздү.
«Биз бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан саясат реалдуу натыйжаларды берип, экономиканын өсүшүнө, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдеп, социалдык чыңалууну басаңдатып жатканын тастыктайт деп ишенебиз. Жарандар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнү улантуу маанилүү. Эл кайрылган маселелердин көбү жер-жерлерде чечилет жана чечилүүгө тийиш. Мамлекет ар дайым колдоого, жардам берүүгө даяр ишенимдүү таяныч экенин эл билип, сезиши керек », - деди ал.