Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 6 айына республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 346,4  млн сом өлчөмүндө каржыланган. 

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен:

- Теңдөөчү трансферт – 130,3 млн сом;

- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 52,6 млн сом;

- Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 09,0 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  - 162,6 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, 2024-жылдын 8-апрелинде №140-р Тескемесине ылайык Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө 500,0 млн. сом, каржыланды жана 2024-жылдын 8-апрелинде №139-р Тескемесине ылайык Токмок шаарын өнүктүрүүгө 500,0 млн. сом каржыланды.

Жалпы – 1 346,4  млн сом.