Бишкекте 19-20-июнда “MINEX Борбордук Азия” 10-тоо-геологиялык форуму болуп өттү. Анда “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясы өнөктөш катары катышты. Белгилей кетсек, форумдун башкы өнөктөшү – Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги. Ал эми эл аралык өнөктөштөрү болуп Улуу Британиянын Department for Business and Trade жана Швециянын Business Sweden компаниялары эсептелинет. Катышуучулар – тоо кен жана технологиялык компаниялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болду.
Кыргызстан тоо-кен тармагындагы инвесторлор үчүн эшиги ачык. Мына, ушундай билдирүүсү менен форумдун катышуучуларына Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайрылды. Ал инвесторлорго сейрек кездешүүчү металл кендерин иштетүү сунушун жолдоду.
“Кыргызстанда тоо-кен тармагы экономикалык тез өсүштү камсыз кыла турган негизги багыттардын бири. Өлкөбүздүн 95 пайызын тоолор ээлеп турат. Анын алдында сейрек кездешүүчү кендердин запасы катылып жатат. Мисалы, титандын болжолдонгон запасы 20 миллион тоннага жакын, бул бир гана кендин аймагында. Андан башка 21 элементтен ашык сейрек кездешүүчү металлдар 61 тоннага жакын. Бул запастар 51 жыл мурда абройлуу геологдордун катышуусунда чалгындоо иштеринин алкагында катталган”, - деди Акылбек Жапаров.
Ал эми MINEX форумунун негиздөөчүсү жана төрагасы Артур Поляков форум ар бир катышуучуга пайдалуу болгонун белгиледи.

“Бир аянтчага тоо-кен тармагына тиешелүү бардык тараптарды жыйнай алдык. Мисалы, канадалык фондулук биржасы да катышууда. Ал - тоо-кен геологиялык чалгындоо тармагында инвестиция тартуу менен алектенген дүйнөдөгү алдыңкы компания. Бул демек, иш чаранын маанисин жана деңгээлин көрсөтүп турат. Биринчи күндүн жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларга кол коюлду. Менимче, ар бир катышуучу өзүнө керектүү маалымат алып, ал турмак келечек өнөктөшүн таап кетет деп ойлойм”, - деди ал.
Форумдун биринчи күнү “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев презентация жасады. Ал Бозымчак тоо-кен байытуу комбинатынын ийгиликтүү иштеп жатканын мисал келтирип, анын негизинде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Белгиленгендей, Бозымчак казакстандык инвесторлордун Кыргыз Республикасындагы ири долбоору болуп эсептелинет. Мындагы инвестиция 450 миллион АКШ долларын түзөт.
Учурда ишканада 1300дөн ашуун адам иштеп жатат, алардын 97 пайызы Кыргызстандын жарандары.
Компания өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө орчундуу салымын кошууда. Ишмердүүлүгүнүн жылдарында 15 миллиард сомдон ашуун каражатты салык ж.б. түрүндө өлкө бюджетине түшүргөн.
А бүгүнкү күндө компания жер алдындагы кенди куруу жана ишке киргизүү этабында турат. Жер алдындагы курулуштун жалпы баасы 110 миллион доллардан ашуун деп эсептелип жатат, бул сумманын 60 миллион доллары буга чейин инвестицияланган.
“Өткөн жылы мен Улуу Британияда өткөн MINEX форумуна катышкам. А быйыл бул масштабдуу иш чара Кыргызстанда өтүп жатат. Бул демек, өлкө жетекчилиги республиканын экономикалык өнүгүшүнүн локомотиви болгон тоо-кен тармагынын өнүгүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын билдирет”, - деди “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев.

Ошондой эле Ильяс Түлекеев форум тоо-кен тармагынын алдыга жылышына өзгөчө таасирин берээрин белгиледи.
“Форумдун иши абдан жемиштүү болду. Биз тоо-кен тармагынын өнүгүшүнө гана эмес, Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууга оң таасирин тийгизчү көптөгөн маселелерди талкууладык. Кыргызстандын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров бир нече жолу бизнести колдоо жана инвестицияны коргоо зарылдыгы жөнүндө айткан. А бүгүн биз бул реалдуу колдоону өлкө жетекчиси жана мамлекеттик органдар тарабынан көрүп жатабыз. Менин көз карашымда, акыркы жылдары бизнес менен бийликтин ортосунда натыйжалуу диалог түзүлдү. Кыргызстан бизнестин үнүн “уга турган” өлкөгө айланды”, - деди “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясынын башкы директору.
Жыйынтыктап айтканда, MINEX дүйнөлүк бир катар компаниялардын иштиктүү аянтчасы болуп бере алды. Форумда Европанын, Түндүк Американын жана Кытайдын алдыңкы тоо-кен компаниялары Борбор Азиядагы пайдалуу кендерди иштетүү боюнча өздөрүнүн келечектүү долбоорлорун сунушташты. Аларга “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясы бир нече жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканы Кыргыз өлкөсүндө инвесторлорго жагымдуу климат бардыгын далилдегендей болду.