Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.
Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 14-июнуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 44 каржылоо субъекттерине 6,18 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.