2024-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын өндүрүш продукциясынын көлөмү 195 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Ал белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу төмөнкү өндүрүштөрдүн эсебинен 2,6 пайызга өскөн. Ошондо, тазаланган мунай продуктулары — 55,7, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүк — 26,6, тамак аш продукциясы (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары — 21,6, текстиль өндүрүшү, кийим тигүү — 15,9, фармацефтикалык каражаттарды чыгаруу — 14,2, химиялык продуктулар — 12,8, резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарын чыгаруу — 8,1 пайызга өскөн.

Ошондой эле курулушта - 51,6 пайыз, дүң жана чекене соодада - 20,8 пайыз жана айыл чарбасында – 2 пайыз оң тенденция байкалган.