Өлкөдөгү базарлардын жана кичи базарлардын ишкерлерин текшерүүгө мораторий узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. 

Анда айтылгандай, базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү 1-январга чейин токтотулат. Бул электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонбогон соодагерлер үчүн да тиешелүү. Жаңы жылга чейин Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТК колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт.

Ошондой эле базарларда жана кичи базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонуу жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ага ылайык, соодагерлер товарлардын киреше-чыгашасын эсептөөдөн бошотулат. Товарды дүң сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуу жалгыз талап деп билдирди мекеме.

Бишкектеги бир катар базарларда иштеген соодагерлер ЭТТК жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылыгын билдирип, 12-июнда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты. Алардын айрымдары ККМди да колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Акцияга чыккандар менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.