Кыргызстанда чакан жана орто ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 12 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев  билдирди.

Анын айтымында, ишканалардын социалдык төлөмдөрү учурда 27 пайызды түзөт. Жумуш берүүчү бүгүнкү күндө кызматкери үчүн соцфондго 17 пайыз төлөсө, ал эми кызматкерлер  10 пайыз  төлөйт. Эми социалдык төлөмдөр 12 пайызга түшсө ишканалар 2 пайыз гана которот.

“Ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин түшүрүлгөнү жатат. Эми жумуш берүүчүлөр 2 пайыз гана төлөй тургандыктан айлыктар конверт менен берилбей калат деп ишенебиз. Бул мамлекет тарабынан чоң колдоо деп ойлойм. Бул мыйзамды Министрлер Кабинети Жогорку Кеңешке жөнөттү. Комитеттерде каралып бүттү, эми 1-окууга киргизилет”, - деди Алиев.

Соцфонддун төрагасы билдиргендей, учурда өлкөдө 900 миңдей киши соцтөлөмдөрдү төлөбөйт. Тариф азайтылып жаткандыктан, социалдык төлөмдөрдү чегергендер көбөйөт деп боолголонууда.

“Биздин жарандар пенсияларды Европа мамлекеттерине салыштыра беришет. Ал жакта социалдык төлөмдөрдү төлөө маданияты бийик. Алар жумуш берүүчүлөрдөн айлыктарын конверт менен алышпайт. Стаж керек деп пенсияны ойлошот. Социалдык төлөмдөрдү төлөп турса, кийин пенсияны ошого жараша алат”, - деди Бактияр Алиев.

Социалдык фонддун жетекчиси акыркы 3 жылда дээрлик КМШда пенсия көтөрүү боюнча Кыргызстан алдыда келатканын айтты.

“Биз 3 жыл аралыгында пенсияны жашоо минимумуна жеткирип жатабыз. КМШда жашоо минимумуна жеткирген өлкө жок”, - деп кошумчалады ал.