Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов маалымат жыйынында ички валюта рыногундагы алмашуу курсунун ийкемдүүлугү сакталып жатканын билдирди.
“Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режиминин алкагында валюта курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында валюталык соодага катышат. Жыл башынан бери жөнгө салуучу орган 9 интервенция жасаган. Анын 7си чет элдик валютаны сатып алууга багытталып, жалпы 113 млн доллар сатып алды”, - деди ал.
Ал эми аталган банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы өлкөдө алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими сакталып жатканын айтты. Ал эми рынок динамиканы өзү аныктайт.
"Азыркы учурда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып жатат. Буга байланыштуу чет элдик валютага суроо-талап төмөндөп, сунуштар жогорулады. Бул өз кезегинде алмашуу курсуна таасир берүүдө", - деди Мамбеткул кызы.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.