Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 6800 сомдон ылдый болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Жаңы кадам" социалдык мобилизация боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди. 

Мамлекет башчы жарандар пенсия курагына чыккандан кийин жакырчылыкта күн кечирүүгө аргасыз болуп, баарынан үнөмдөп, ар бир тыйынын санап жашап калганы нааразычылыктарды жаратып жатканын белгиледи. 

"Пенсия куракта адамдар жакшы жашоого каражат таба албай калганын эң башкы акыйкатсыздык деп айтсак болот. Ошондуктан 2021-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип, пенсия жана пособие жашоо минимумунан ылдый болбошу керек делген.

Мен ишти тездетүүнү тапшыргам. Кудай буйруса, биринчи этап 1-июлдан башталат. Ишти ушул багытта улантабыз. Социалдык төлөмдөр жана пособие кыска убакытта жашоо минумумуна жеткидей кылабыз. Ооба, бул үчүн жылдар керектелет, бирок биз сөзсүз максатыбызга жетебиз", - деди Жапаров. 

Ошондой эле жакында эле томолой жетимдер үчүн "Аманат" депозити ишке киргенин, ага ылайык ар бир ата-энесиз бала 18 жашка чыккандан кийин колуна 500 миң сом алаарын белгиледи. Бул каражатты балдар окуусу үчүн төлөмгө же ипотекалык турак жайдын алгачкы төлөмүнө жумшай алышат.