Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 154,7 млрд сомду түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктуларын (31,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (28,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн (19,6 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (18,2 пайызга), ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (3,6 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен 2,2 пайызга өстү.