Грузияда (Тбилиси шаарында) Кыргыз Республикасынын финансы министри – Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы башкаруучусу Алмаз Бакетаевдин Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушуусу болуп өттү.

КР Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Алмаз Бакетаев Масацуга Асакавага Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

«2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 6,2% түздү жана бул көрсөткүч фискалдаштыруунун жана салык, бажы системасынын туура багытта  иш алып баруусунун натыйжасында жетишилди», - деп белгиледи  КР финансы министри.

Белгилей кетсек 2024-жылдын 7-майында кыргыз тарап жетишилген реформаларды улантуу максатында АӨБ менен 50 миллион долларлык бюджеттик колдоону бекитүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле Коррупцияга каршы стратегияны кабыл алуу жана бекитүү пландалууда.

Мындан тышкары КР Финансы министри Масатсугу Асакавадан Өзбекстан менен Казакстандын мисалындагыдай социалдык турак-жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга жеке көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

А.Бакетаев ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча өлкөгө жаңы демилгелер менен колдоо көрсөтүүнү, муну менен климаттык долбоорлорду каржылоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы Фонддорду ачууну өтүндү.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев АӨБ Президенти Масацугу Асакавага Башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйынына чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, АӨБ президентин жана анын командасын 2024-жылдын май айында Кыргызстанда өтө турган КР менен АӨБдүн 30 жылдык кызматташуусуна байланыштуу иш-чарага чакырды.