2023-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамга кол койгон. Анда 2023-жылдын 1-январына карата болгон активдерди легалдаштыруу каралган.

Жакында Бишкекте болуп өткөн “Бизнес – билим кербени” маалымат иш чарасында Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков жеке адамдардын мүлкүн легалдаштыруу процесси тууралуу айтып берди.

“Мүлктөрдү жана активдерди легализациялоо боюнча кампания – бул биринчи кампания эмес, буга чейин дагы ушуга окшогон кампаниялар болгон. Бирок бул жолкусунун бир катар артыкчылыктары бар”, - деди Ысабеков.

Ал артыкчылык катары бүгүнкү кампания салык реформасы менен канатташ кетип баратканын белгиледи.

“Бүгүнкү күнү кеңири масштабдагы салык реформасы жүрүп жатат. Легализация – бул аталган реформанын башкы кадамдарынын бири. Азыр көмүскө иштеген ишкерлер көп. Салык реформасынын негизги максаты – көмүскө экономиканын деңгээлин азайтуу болуп эсептелинет. Ошондуктан электрондук эсеп-фактура жана ККМ киргизилип жатат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бул иш чарага Бишкек жана Чүй облусундагы ишкерлер катышты. Кубанычбек Ысабеков мындай иш чара ушуну менен токтоп калбай турганын, өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөөрүн белгиледи.

Ал салык чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү ишкерлерге өз убагында, жатык тил менен жеткирип туруу абдан зарыл экенин белгиледи.

“Салык кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши ишкерлерге маселе жаратаары талашсыз. Анткени көп ишкерлерде салык боюнча суроо жаралат. Өзгөртүүлөргө ылайык, салык мамилелери кандай болот, салыкты кандай төлөйбүз, камсыздандыруу төлөмдөрүн кантип төлөйбүз деген маалыматтарды алууга умтулушат. Бизнестин Конституциясы – Салык кодекси эмеспи. Өзүңүздөр билгендей, 2019-жылдан тартып Салык кызматына камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу милдети да берилген”, - деген Ысабеков салык саясатындагы эки жылдан бери болуп жаткан реформалар тууралуу кеп курду.

“Реформанын максаты – жаңы салыктарды киргизбей, салык жүгүн оорлотпой туруп, салык базасын кеңейтүү болгон. Эң биринчи көмүскөдөгү бизнести ачык, легалдуу талаага чыгарып жатабыз. Ушуга чейин салык төлөбөй же аз төлөп келген ишкерлерге “буга чейин болгондорду унуталы, жаңы барактан баштайлы, салык төлөп, өз милдетибизди так аткаралы”, - деп жатабыз. Конституцияда да ар бир ишкер салык төлөшү керек деп жазылган. Бул бюджетке түшчү каражат. Канчалык көп түшсө, ошончолук мамлекеттин мүмкүнчүлүгү кеңейет. Мамлекет салыктан түшкөн каражаттарды туура колдонуп, айлык акыларды көтөрүп, жол куруп, инфраструктураларды жакшыртып, жөнөкөй адамдын жашоо-турмушуна шарт түзүлүшү керек деген максат менен иш алып барууда.

Дагы бир максатыбыз – салыктардын туура төлөнүшү, ишкерлердин арасында тең атаандаштыкты орнотуу. Анткени кээ бир ишкерлер толук салык төлөшөт, салык инструменттерин: ошол эле электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура, ККМ колдонушат. Бирок ошол эле учурда тилекке каршы, кээ бир ишкерлер мыйзамдарды бузуп, салык төлөөдөн качкан учурлар жок эмес. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бул расмий маалымат, ИДПнын 21 пайызын көмүскө экономика түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер, иликтөөлөр бул көрсөткүч алда-канча жогору, 40-50 пайызга чейин жетээрин айтып жатышат. Мындайча айтканда, бул ар бир экинчи ишкер салыкты толук төлөбөйт же жашыруун иштейт дегенди билдирет. Ошондуктан баарына тең атаандаштык орнотуп, тийиштүү шарттарды түзүү менен ачыкка алып чыгуубуз керек.

Үчүнчү максат – жөнөкөй жарандар – акыркы керектөөчүлөр сапаттуу, легалдуу товар сатып алышы керек. Кызмат көрсөтүү, тейлөө алганда да, мисалы, үй курам же оңдоо иштерин жасатам дегенде жакшы иштеген куруучуларга туш болушу керек деген маселе. Ал кантип болот? Куруучулар легалдуу иштесе, салык төлөсө, анда өз ишин дагы сапаттуу аткарат. Башкача айтканда, легалдуу иштеген ишкерлер – бул эң биринчи жоопкерчилик. Жарандардын акчасын алып, үйүн курбай же оңдоо иштерин жасабай кетип кала алышпайт. Келишим түзүлөт, жоопкерчилик, милдеттер тагылат, паспорттук маалыматтары алынат. Ошентип, алданган жарандардын дагы катары азаят. Мына, ушинтип салык саясаты көп маселелерди чечет”, - деп белгиледи Ысабеков.

Мамлекет ишкерлер менен дайыма сүйлөшүүгө, макулдашууга барууга даяр. Ишкерлер дагы мамлекеттин бизнести ачыкка чыгаруу саясатын колдоп, ар бир жолугушууда кубаттаган пикирлерди айтып келишет. Анткени, алар дагы көмүскө экономиканын азайышы – жалпыбыздын коопсуз келечегибиз экенин түшүнүп жатышат. Мамлекет бутуна туруп, күчтүү экономика жетишсе, бул ишкерлердин да өнүгүүсүнө оң таасирин берет.

“Балдарыбыз, неберелерибиз Кыргызстанда жашашат, алардын келечеги үчүн ачык иштешибиз керек” деген түшүнүктөгү ишкерлер да көп. Ошол эле жаңычылыктардын өнүгүүгө кошчу салымы чоң. Мисалы, ЭТТК, ЭЭФ кирип жатат, бул инструменттер аркылуу Салык кызматы ишкерлердин операцияларын көргөнгө мүмкүнчүлүк алды. Товар өндүрүлгөндөн же импорт болуп өлкө аймагына киргенден тартып акыры керектөөчүгө сатылганга чейинки жолу көрүнүп турат. Кайсы бир товар электрондук системада болбосо, демек ал салыгы төлөнбөгөн товар. Ага жараша тийиштүү кызматтар чара көрүшөт. Бул инструменттердин киргенин көпчүлүк колдоп жатат. Бирок ошол эле убакта кайсы бир жерлерин оңдош керек деген сунуштар да айтылды. Биз дайыма даярбыз. Ишкерлер берген сунуштарды эске алып, токтомдорго өзгөртүү киргизилип жатат. Ошол эле ЭТТК боюнча кээ бир жерлери жеңилдетилип, кээ бир жерлери оңдолуп жатат. Бул дайыма боло турчу процесс. Дүйнө жүзү санариптештирүү деп электрондук форматка өтүүгө аракеттенүүдө. Биз дагы андан калбашыбыз керек”, - деди салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси.