Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына байланыштуу мекеменин басма сөз кызматы тарыхта болуп өткөн фактылар тууралуу маалымат берүүдө.

1947-жылдын 16-декабрында жүгүртүүгө жаңы акча чыгарылып, ага накталай акчаны алмашуу (10 сомго 1 сом катышында) башталып  (буга майда тыйындар кирген эмес), бир жуманын ичинде аяктаган. Салыктар, карыздар жана финансылык милдеттенмелер өзгөртүлбөстөн кала берген.

Нанга, унга, акшакка, макарон кесмелерине, пивого мамлекеттик баалар төмөндөгөн: этке, балыкка, мал майына, кантка, кондитер азыктарына, тузга, картошкага, жашылча-жемишке, тамекиге жана ширенкеге мамлекеттик баалар өзгөртүлгөн эмес.

Сүт, жумуртка, чай, мөмө-жемиш,кездеме, бут кийим, кийим-кечелерге жана тиркотаж буюмдарына жаңы баалар коюлган (коммерциялык баалардан 3,2 эсе төмөн).