2024-жылдын 28-мартында финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиада аяктады. Олимпиада КРнын студенттеринин финансылык коопсуздук маселелери боюнча укуктук, финансылык жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлөт.

2024-жылы Кыргызстандын 17 жогорку окуу жайынын: экономика, экономикалык коопсуздук; юриспруденция; эл аралык мамилелер; маалыматтык коопсуздук боюнча төрт багытта билим алып жаткан 119 студенттер катышышты.

Катышуучулар экономикалык кылмыштар боюнча каржылык иликтөөлөрдү,  терроризмди каржылоо, алдамчылык, жана башкалар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Студенттерге финансылык коопсуздук чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы жөнүндө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлеринен, банктардын, төлөм уюмдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлери менен түзмө-түз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулар олимпиаданын уюштуруучуларынан жана өнөктөштөрүнөн баалуу белектерди, ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдарда жана жеке уюмдарда (РСК жана Инвескор) практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Мындан тышкары, жай мезгилинде ФЧМКнын КБ жайкы мектеп өткөрөт, анын алкагында ондогон жеңүүчүлөр акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча күчөтүлгөн даярдыктан өтүшөт.

2024-жылдын октябрь айында КРнын командасы РФнын Сочи шаарында өткөрүлө турчу финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадага катышат.